Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Бардык бийлик органдары бизнести колдошу абзел

Кыска кабар | 30 Июн 2020 | 556 | 0

Бизнеске болгон адмнистративдик басымды азайтуу жана адамдык факторлорду жоюу үчүн фискалдаштырууну тездетип, толугу менен киргизүү талап кылынат. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков парламенттеги кайрылуусунда айтты.

Жээнбековдун айтымында, өкмөт бизнестин ишин тескөөдө жаңы кадамдарга барууга милдеттүү. Экономикалык жогортууларды калыбына келтирүү үчүн бизнес өнүгүп, ишкерлерди колдоо керек.

-Мыйзамсыз ишкердик жана товарлардын көмүскө айлануусун кыскартуу максатында электрондук эсеп-фактуралар, онлайн көзөмөлдүк кассалык машиналар киргизилүүдө. Бул багыттагы иш-аракеттер кечиктирилбей, өз убагында аткарылуусу зарыл. Кийинки этапта товарлардын айлануусун көзөмөлдөө системалары ишке кирет, — дейт Жээнбеков

Ал бизнес өкүлдөрү менен видео конференция өткөрүп, айрым ишкерлерди кабыл алганын белгилеп, бизнесмендердин көйгөлөрү тууралуу толук маалыматка ээ экенин эске салды.

-Укук коргоо органдары жана сот эффективдүү коргоочу, адилеттүү арбитр катары толук кандуу иштерди камсыздай албай жатат. Буга байланыштуу ишкерлер, инвесторлор эл аралык Арбитражга кайрылууга аргасыз экени айтылды. Учурда бардык бийлик органдары өлкөнүн экономикалык потенциалын сактап, аны өнүктүрүү максаты менен бизнести колдошу абзел. Бул багытта ыкчам аткарылышы керек болгон милдеттер бар, — деди президент.

Ал белгилегендей, алдыда ишкерлердин укугун бузуу фактылары Башкы прокуратура тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынат. Ал үчүн атайын бөлүм ачылды. Тиешелүү милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактыларын тескөөгө Финпол жана Салык кызматы гана укуктуу. Башка урук коргоо органдарынын бизнестин чарба иштерине кийлигишүүсү токтотулган.

Өкмөт кризиске байланыштуу тобокелдиктерди эске алуу менен бардык чыгашаларды так аныктап чыгышы керек. Мамлекеттик карызды жоюу же мөөнөтүн узартуу боюнча өнөктөш өлкөлөр жана финансы институттары менен сүйлөшүүлөрдү улантуу зарыл.

-Зоналардан келген каражаттардын максаттуу пайдаланылуусун камсыздоо менен бирге жарандарга ачык маалымат берүүнү талап кылам, — деди Жээнбеков.

Белгилей кетсек, Президент Жээнбеков бүгүн парламентте жаңы куралган өкмөттүн антын кабыл алуу үчүн жыйынга катышты.

Copyright © 2017 Maral FM