Connect with us

Пакыров: Ишкерлерге канчалык жардам берсек, бюджетке ошончолук пайда болот

Кыска кабар | 12 Май 2020 | 887 | 0

Канчалык ишкерлерге жакын болуп, жардам берсек, алар жаңы жумуш орундарын түзүп, салыктарды төлөшөт. Мындай пикирин «ЖИА» бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Фархад Пакыров президент менен жолугушуудан соң билдирди.

— Канчалык ишкерлерге жакын болуп, ишкерлерге жардам берсек, алар жаңы жумуш орундарын түзүп, салыктарды төлөп, бюджеттин толушуна салым кошуп, кээ бир кыйынчылыктардан жеңил өтүп кетсе болот, — дейт Пакыров.

Пакыров белгилегендей, Кыргызстанда, тилекке каршы, мигранттар кайра өлкөгө келип, Кыргызстандын экономикасын кыймылдата турган жүк ишкерлердин мойнуна түшүп калды.

Анын айтымында, дүйнө жүзүндө илдетке байланыштуу өзгөрүүлөр болуп жатат, Кыргызстан дагы ошолордун катарында бир топ чектөөлөрдү киргизилди. Ошондой эле экономика тармагында бир топ кыйынчылыктарды ишкерлер баштарынан өткөрдү.

Ассоциация катары орто жана чакан ишкерлердин башын бириктирип, Кыргызстан боюнча иш алып барылат. Коронавирустун кандай таасирин тийгизгендиги туурасында анализ жүргүзүлгөн. Орто жана чакан бизнесте көбүнчө соода, тейлөө, өндүрүш, айыл чарба тармактарында ишкерлер иштешет.

— Булардын көпчүлүгү биринчи эле маселеси, кирешелери түшүп кетти. Жумушчуларын эс алууга чыгарып, иши токтоп калды. Сурамжылоонун негизинде ишкерлерге эң керектүү 3 багыт белгилүү болду.

  1. Каражат жагынан колдоо керектиги. Узак мөөнөттүү жеңилдетилген каражат;
  2. Салыктар боюнча жеңилдиктерди, же каникулдарды берүү;
  3. Азыркы учурда өтө маанилүү болгону — региондордо ишкерлерге багыт берүү.

Бул маалымат, кеңеш берүү, ишкерлердин азыркы учурдагы талабына жараша окутуу, тажрыйба берүү экендигин айтат ал.

— Себеби бардык нерсе өзгөрүп жатат. Ишкердик дагы өзгөрөт. Бүгүнкү жыйында Ассоциация катары каржы маселесин көтөрүп келдик. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунда болгон каражаттарды бир аз либералдаштырып орто жана чакан ишкерлик менен алектенген ишкерлерге берүүнү сурандык, — деп билдирди Фархад Пакыров.

Алар бир гана кредит же лизинг менен берилип калбай, тикелей түз инвестиция жагынан дагы ишкерлерге колдоо көрсөтүшү керек. Ошондой эле азыркы учурда Бишкекте ишкерлер маселелерин чечип ала алышат. Бул жакта ар кандай ассоциациялар, уюмдар, окутуу программалары бар. Маселеси болсо, кайрыла турган жерлери бар.

— Мисалы, Нарындагы ишкер маалыматтык жактан маселеси же көйгөйү болсо, кайсы жерден колдоо аларын билбейт. Азыр ишкерлерди тейлөө борборун ачып, кеңеш берүү кызматын, эмне керек болсо окутуу программаларын жүргүзүп, ишкердикти өнүктүрүү менен кризистен чыгуу программасын сунуштадык, — деп белгиледи Фархад Пакыров.

Эске салсак, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү Мамлекет башчысы менен кечээ, 11-майда жолугуп, азыркы түзүлгөн кырдаалда ишкерлер туш болуп жаткан көйгөйлөр жөнүндө айтып беришкен. Ошондой эле өлкөдөгү экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү боюнча конкреттүү сунуштарын айтышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Өкмөткө кыска жана узак мөөнөттүү антикризистик программаларды иштеп чыгуу процессине бизнес коомчулугун активдүү тартууну сунуш кылды.


Президент өлкөнүн бизнес коомчулугу менен жолугушту

Copyright © 2017 Maral FM