Биз менен байланышыңыз

Президент өлкөнүн бизнес коомчулугу менен жолугушту

Кыска кабар | 11 мая 2020 | 715 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-майда, өлкөнүн бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. 

Жолугушуу учурунда өлкөдөгү посткризистик мезгилде экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясынын жайылышы республиканын макроэкономикалык абалына зыянын тийгизип жаткандыгын айтты.

«Чек араларды  жабуу — тышкы соодага абдан терс таасирин тийгизүүдө. Негизги өнөктөш өлкөлөр менен жүк жүгүртүүнүн көлөмү төмөндөп, валюта рынокторунда солгундоолор жана баалардын жогорулашы да байкалып жатты. Мындай кырдаал мамлекет үчүн гана эмес, ишкерлер үчүн дагы абдан оор болууда», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент учурдагы кырдаал ата мекендик экономикадагы топтолуп калган бир катар кемчиликтерди жана көйгөйлөрдү ачыкка чыгарганын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы мындай көрүнүштөр сабак болуп, мындан кийинки иш-аракеттерге талаптарды кайра карап чыгуу керектигин айтты. Ошол эле учурда өлкөнүн экономикасы ачык жана эркин болгондуктан, экономикалык жоготуулар менен катар артыкчылыктар да бар экендигин кошумчалады.

«Кандай гана глобалдуу же локалдуу экономикалык депрессия болбосун — андан ишкерлердин активдүүлүгү алып чыгат», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков жана өлкөдөгү экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүдө чакан жана орто бизнес чөйрөлөрүнүн өзгөчө ролун баса белгиледи.

Жолугушууда экономика министри Санжар Муканбетов учурдагы өлкөдөгү экономикалык кырдаал жана экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү боюнча Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

Ал республиканын учурдагы макроэкономикалык тенденциялары, ошондой эле посткризистик мезгилге карата пландар жана болжолдуу көрсөткүчтөр жөнүндө маалымат берди.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков белгилегендей, бизнес учурдагы кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылып, келип чыккан көйгөйлөрдү чечүүдө Өкмөткө жардам берүүнү каалайт. Ал бир катар сунуштарды айтып, кризис бизнести оор абалга кептегенин, бирок ошол эле убакта экономиканы реформалоого түртүп жаткандыгын белгиледи.

Жолугушууда ошондой эле Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Темир Ажыкулов, Жеткирүүчүлөрдүн (өндүрүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун) ассоциациясынын президенти Гүлнара Ускенбаева, Базарлар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү ассоциациясынын аткаруучу директору Артур Ташибеков, ЖИА бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Фархад Пакыров, Кыргыз туроператорлор ассоциациясынын төрагасы Мансур Абылаев, «Легпром» ассоциациясынын президенти Сапар Асанов, бизнес-акыйкатчынын орун басары Сергей Пономарев, Мөмө-жемиш ишканалары ассоциациясынын аткаруучу директору Дилбар Алимжанова баяндамалары менен чыгышты.

Алар өз тармактарындагы проблемалар жана жалпы эле түзүлгөн кырдаалда чакан жана орто бизнес өкүлдөрүнүн туш болуп жаткан көйгөйлөрүн айтып беришип, бир катар сунуштарын билдиришти.

Өлкөнүн бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит кырдаалды жакшыртуу боюнча натыйжалуу чечимдерди кабыл алуу зарылдыгына токтолуп, учурдагы окуялар жөнүндө калкты кабардар кылуунун жана оорунун экинчи толкунун алдын алуу үчүн жарандардын санитардык жана карантиндик эрежелерди сактоосунун маанисин белгиледи. Ошондой эле ал пандемия сабактарын эске алып, кыска жана узак мөөнөттүү чараларды кабыл алууга жана бизнес үчүн салыктык жеңилдиктерди берүүгө көңүл бурду.

Өкмөттүн астындагы Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчиси Таалайбек Койчуманов Өкмөт менен бизнестин ортосундагы диалогду активдештирүүнү жактады. Ал постпандемиялык пландарга, ишкерликтин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн мыйзамдык базаны өркүндөтүүгө көңүл бурду.

Жогорку технологиялар паркынын директору Алтынбек Исмаилов акыркы эки жылда өлкөнү санариптештирүү боюнча күч-аракеттер коронавирус инфекциясы пандемиясынын кесепеттерин жумшартууга өбөлгө болгонун белгиледи. Санарип технологиялар өлкөдө илдеттин жайылуу шарттарында экономикалык жана билим берүү тармактарындагы көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүүгө мүмкүндүк бергенин кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Өкмөткө кыска жана узак мөөнөттүү антикризистик программаларды иштеп чыгуу процессине бизнес секторун активдүү тартууну сунуш кылды.

Жолугушууга вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, экономика министри Санжар Муканбетов, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, өнөр жай, Энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бакир Таиров катышты.

Copyright © 2017 Maral FM