Бишкек шаарынын жана Чүй өрөөнүнүн аймагында жакынкы бир сааттарда катуу шамал болушу мүмкүн. Эскертүүнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалымат кызматы бүгүн, 9-майда таратты.
Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15 метрге чейин жетиши күтүлүүдө. ӨКМ жашоочуларды сак болууга чакырат.