Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаарында турак үй толугу менен күйүп, күлгө айланды. Бул кабарды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалымат кызматы билдирди.
Кырсык кечээ, 5-майда саат 20:41 чамасында Кант шаарынын Бакинская көчөсүндөгү турак үйдө катталган.
— Өрттүн кесепетинен 110 чарчы метр турак үй толугу менен өрттөнүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгышынын себеби такталууда, — деп айтылат ӨКМдин маалыматында.
Курмандыктар, чыгымдар боюнча маалымат айтыла элек.