Connect with us

11-21-майда уруксат берилчү ишкердиктин түрлөрү (тизме)

Кыска кабар | 28 Апр 2020 | 3896 | 0

11-майдан тарта өзгөчө абал режиминдеги аймактарда бир катар ишкердиктин түрлөрүнүн иштөөсүнө уруксат берилет. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Каржылык кызматтар:

-Микрофинансылык уюмдарга;

-Камсыздандыруучу компанияларга;

-Кыймылсыз мүлк агенттиктерине;

-Туристтик агенттиктерге;

Калкты күнүмдүк тейлөө тармагы:

Сантехникалык, электрмонтаждык иштерге;

Турмуш-тиричилик буюмдарын оңдоого;

Химиялык тазалоого жана клинингге;

Соода тармагы:

-Курулуш материалдарын саткан дүкөндөргө жана базарларга;

-Унаа жана велосипед тетиктерин саткан базарларга;

-Кездеме, тигүү тармагына керектүү буюмдарды саткан базарларга;

-Автосалондор;

Транспорттук кызматтар:

-Автобустар жана троллейбустарга (микроавтобустардан сырткары) уруксат берилет.

Ал эми 21-майдан тарта төмөнкү ишкердиктин түрлөрүнө уруксат берилет:

-Калкты тейлөө борборлору;

-Финансылык кызмат көрсөтүү;

-Акча алмаштыруучу жайлар;

-Күрөөканалар;

-Бут кийим оңдоочу жайлар;

-Эмеректерди жасоо жана оңдоо;

Соода тармагы:

-Соода борборлору;

-Керектүү буюм саткан базар жана дүкөндөр;

-Унаа саткан базарлар;

-Жеке репетитордук кызматтар;

-Жеке үй-бүлөлүк мончолор, СПА-борборлор.

Кырдаалга байланыштуу бул чечимдер өзгөрүүсү мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM