Биз менен байланышыңыз

Орусия коронавирусту жуктургандардын саны боюнча Ирандан ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Апр 2020 | 1108 | 0

Орусияда коронавирустун аныкталган учурларынын жалпы саны 93 558 кишиге жетти. Бул тууралуу Ыкчам штабга таянып жергиликтүү басылмалар жазды.

Дүйнө жүзүндө коронавирусту эң көп жуктургандардын көрсөткүчү боюнча Орусия Иранды жеңип, дүйнөдө сегизинчи орунду ээледи. Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 27-апрелге карата ал жерде 91 472 адам илдетке чалдыккан.

Иран бийлиги 28-апрелге карата бейтаптар жөнүндө статистиканы жарыялай элек. Эпидемия февраль айынын аягында башталган өлкөдө акыркы алты күндүн ичинде күн сайын 1200дөн ашык учур  катталган жок.

Орусияда акыркы сутка ичинде коронавирус жуктуруунун 6 411  жаңы учуру катталды. Бул бүт эпидемия башталгандан бери эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Бир күндө 73 адам коронавирустан көз жумган.

28-апрелге карата Орусияда 85 аймакта коронавирустук инфекциянын 93 558 учуру катталып, 867 адам көз жумуп, 8 456 адам айыгып чыккан.

Ошентип, Россия илдетке чалдыккандардын саны боюнча Иранды басып өтүп, коронавирустун тастыкталган учурларынын саны боюнча 8-орунга көтөрүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM