Кыргызстанда коронавирустан айыккан адамдардын арасынан илдетти экинчи жолу жуктуруп алгандар жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлдө.
— Азырынча жуктуруулардын экинчи толкуну болот деп, ошондой эле кайталап карантин чараларын киргизүү тууралуу айтуу эрте, — деди Үсөнбаев.
Окумуштуулардын изилдөөлөрү көрсөткөндөй, коронавирус менен ооруган адамдарда ага карата иммунитет пайда болот. Ооруган адам кадимки жашоосуна кайтып келе алат.
Кыргызстанда 27-апрелге карата коронавирус жуктургандардын жалпы саны 695 адамга жетти. Алардын ичинен 395 киши коронавирустан айыгып, 8 адам каза болду.