Марал Радиосу

Үсөнбаев: Коронавирусту экинчи жолу жуктуруп алгандар жок

Кыргызстанда коронавирустан айыккан адамдардын арасынан илдетти экинчи жолу жуктуруп алгандар жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлдө.

Азырынча жуктуруулардын экинчи толкуну болот деп, ошондой эле кайталап карантин чараларын киргизүү тууралуу айтуу эрте, — деди Үсөнбаев.

Окумуштуулардын изилдөөлөрү көрсөткөндөй, коронавирус менен ооруган адамдарда ага карата иммунитет пайда болот. Ооруган адам кадимки жашоосуна кайтып келе алат.

Кыргызстанда 27-апрелге карата коронавирус жуктургандардын жалпы саны 695 адамга жетти. Алардын ичинен 395 киши коронавирустан айыгып, 8 адам каза болду.

Exit mobile version