Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Дагы 15 адам айыкты. Жалпы 216

Кыска кабар | 21 Апр 2020 | 532 | 0

Бир сутка ичинде жалпысынан 15 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Бул тууралуу Өкмөттө өткөн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Айыгып, үйлөрүнө чыгарылган 15 адам төмөнкү региондордон:
Бишкек шаары – 4;
Нарын облусу – 1;
Ош облусу – 4;
Ош шаары – 6.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 216 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Жалпы вирус жуктургандардын саны 590го жетти. Анын 216сы айыкса, 7 адам каза тапкан.


Казакстанда коронавирусту жуктургандар 2000ге чамалады

Copyright © 2017 Maral FM