Connect with us

Азербайжандын президенти Кыргызстанга келди

Кыска кабар | 5 Ноя 2024 | 233 | 0

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Ильхам Алиев Кыргызстанга 6-ноябрда Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) саммитине катышуу үчүн келди.

Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Түндүк Кипрдин президенти Эрсин Татар да Кыргызстанга келишкен.

6-ноябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун XI саммити өтөт. Саммиттин темасы «Түрк дүйнөсүнүн күчтөнүшү: Экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана бардыгы үчүн коопсуздук» болот.

Саммитке уюмга мүчө беш мамлекеттин — Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн лидерлери катышат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM