Учурдагы оор кырдаалда дарыгерлерди колдоо жана тез медициналык жардамдын сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жеке ишкер Улан Сырдыбаев Талас райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна жана Бакай-Атадагы жалпы медициналык практика борборуна 2 тез жардам унаасын тапшырды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Улан Сырдыбаев Бакай-Ата районунун Түйтө айылынын тургуну болуп саналат.