Connect with us

Милиция митингдин катышуучуларын тарап кетүүгө чакырат

Кыска кабар | 2 Мар 2020 | 1080 | 0

2020-жылдын 2-мартындагы Ала Тоо аянтындагы митингге жарандар чогулуп, ар кыл багыттагы талаптар менен менен сунуштарын билдиришүүдө. Митинге катышкан жарандардын саны 800гө чукулдайт.

Митингдин башталышында аны өткөрүүнүн тартиби жана жол жобосу сакталып ирээти менен келе жаткан. Бирок бир эки сааттан кийин модераторлор митингди башкара албай калышты. Уюштуруучулардын тарайлы деген сунуштарын эч ким укпай калышты.

Ушундан улам, Ички иштер министрлиги митингдин катышуучуларына кайрылат жана митингди өткөрүүнүн убактысы бүткөндүгүнө байланыштуу митингдин катышуучуларын тарап кетүүгө чакырат.

ИИМ митингге катышкан жарандардын бардыгына бирдей мамиле кылат жана ошол эле мезгилде мыйзамды бузгандарга, чагымчыл аракеттерди жасооого аракеттенгендерге, коомдук тартипти бузгандарга жана тынч митингдин талаптарын бузгандарга карата карата мыйзам чегинде чараларды көрөт, — деп айтылат билдирүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM