Камактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдогон митингдин катышуучуларынын бир тобу Ак үй тарапка бет алышты. Алар Жапаровду бошотууну, ал талапты аткарууну бийликтен талап кылышууда.
Экс-депутатты колдогон митинг Ала-Тоо аянтында бүгүн түштө башталып, азыркыга чейин уланууда. Акцияга чогулгандардын саны эки миңге чукулдаганы кабарланууда.