Биз менен байланышыңыз

Иранда бир топ саясатчылар коронавируска кабылды

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Фев 2020 | 751 | 0

Ирандын Ватикан жана Египеттеги мурдагы элчиси Хади Хосроушахи коронавирустан көз жумду.

IRNA басылмасынын маалыматына караганда, дипломат 2 күн мурда Тегерандагы ооруканалардын бирине жаткырылган. Коронавирусту ал Кума шаарынан жуктуруп алганы айтылды. Мурунку элчи 27-февралда көз жумду.

Ирандын вице-президенти Масуме Эбтекардан да коронавирус аныкталды. Маалыматка караганда, ал өз үйүндө карантинге алынган. Буга чейин аталган өлкөнүн саламаттык сактоо министринин орун басары Ирадж Харирчи да коронавируска кабылганы маалым болгон.

Андан сырткары, Иран парламентинин улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Муджтаба Зулнур да вируска кабылганы аныкталды.

28-февралга карата Иранда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны эки жүз жетимишке жетти. Каза болгондор — 26 адам.


Коронавирус 50 өлкөгө жайылды [тизме]

Өкмөт коронавирус боюнча расмий билдирүүлөргө ишенүүгө чакырды

Copyright © 2017 Maral FM