Биз менен байланышыңыз

Баткенде көк-таштык тургундарды бошотууну талап кылган акция өттү

Кыска кабар | 15 Янв 2020 | 490 | 0

Баткен шаарында ушу тапта буга чейин Көк-Таш айылынан чагымчылдыкка чектелип камалган тургундарды бошотууну талап кылган митинг өтүүдө. Бул тууралуу жеринен акциянын катышуучусу Абдумиталип Кумарбаев “Маралга” билдирди.

Нааразычылык акцияга 500дөй адам катышууда. Алар буга чейин чагымчылдыкка шектелип камакка алынган Көк-Таш айылынын 4 тургуну: Зайнидин Бердиев, Улукбек, Нурбек жана Үсөн Сапарбаевдерди бошотууну, чек ара маселесин тезинен чечүүнү талап кылышты.

Буга чейин Баткен районунун Көк-Таш айылындагы кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Тажик тарап биринчилерден болуп куралдан ок аткан.

Кийинчерээк Баткен милициясынын басма сөз кызматы жогорудагы окуяларга катыштыгы же аларды уюштурганга тиешеси бар деп шектелген Көк-Таш айылынын 4 жашоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын кабарлаган болчу.

13-январда Кадамжай райондук соту алардын баш коргоо чарасын карап, 1 айга камакка алган.

Бүгүн Бишкектеги Ак үйдүн алдында да буга байланышкан митинг өттү.

Copyright © 2017 Maral FM