Connect with us

2018-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка арыздангандардын 80% аялдар түздү

Кыска кабар | 5 Янв 2020 | 536 | 0

2018-жылы калкка социалдык-психологиялык жардам көрсөтүүчү кризистик борборлорго жана башка адистештирилген мекемелерге үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча 8 миң 730 адам кайрылган, алардын 80 % жакынын аялдар түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин маалымат кызматы билдирди.

2018-жылы кризистик борборлорго, аксакалдар сотторуна жана башка адистештирилген мекемелерге кайрылгандардын саны:

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, беш жыл ичинде үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча берилген убактылуу коргоо ордерлеринин санынын жылдык өсүшү белгиленген. Өтө байкаларлык өсүш (2 эсе) 2016-жылы белгиленген, бул ички иштер органдары баа берүү критерийлерине коргоо ордерлерин киргизүүнүн натыйжасында болду.

Берилген коргоо ордерлеринин саны:

2018-жылы 2014-жылга салыштырмалуу үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча кылмыш иштерин кароо үчүн козголгон жана сотторго жиберилген кылмыш иштеринин саны 1,5 эсе өскөн, бул негизинен ден соолукка жеңил жана анча оор эмес зыян келтирилген учурлардын санынын көбөйүүсүнүн эсебинен болгон.

Copyright © 2017 Maral FM