Connect with us

Адвокаттар Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүүнү суранып жатышат

Кыска кабар | 14 Дек 2019 | 721 | 0

Мурунку президент Алмазбаевдин ден соолугу начарлады деген кабарды анын адвокаттары билдиришкен. Улуттук коопсуздук коммитети болсо адвокаттардын айтканында чындыктын үлүшү жок дешет.

Аталган кызматтын кызматкери Рахат Сулайманов Атамбаевдин ден-соолугуна тынымсыз камкордук көрүлүп жатканын билдирип, адвокаттардын айткандарын жокко чыгарды.

Ал эми күн мурун Алмазбек Атамбаевдин адвокаттары Сергей Слесарев менен Замир Жоошбаев мурдагы президенттин өзүн жакшы эмес сезип жаткандыгын, кан басымынын төмөндөп кеткенин айтып чыгышкан. Алар буга тергөө абагынын шарттарынын начарлыгы таасир этип жаткандыгы таасир этүүдө дешкен. Муну менен катар Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчүн келтире турганын айтышкан.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулгандыгына байланыштуу жана башка бир катар айыптоолор менен УКМКнын тергөө абагына отургузулган.

Ал эми Батукаевдин соту Бишкектин Биринчи май райондук сотунда акыркы жолу 12-декабрда каралган.

Copyright © 2017 Maral FM