Connect with us

Өкмөт башчы: Мектептерде балдарга болушунча достош мамиле кылсак

Кыска кабар | 12 Дек 2019 | 552 | 0

Билим берүү системасы өлкөдөгү экономикалык кайра өзгөрүүнүн локомотиви болуусу үчүн рыноктун талаптарына жөндөмдүү болуш керек. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билим берүү системасын комплекстүү талкуулоо жана аны өнүктүрүүгө сунуштарды даярдоо боюнча эксперттик топтун биринчи жыйында билдирди.

«Буга чейин билим берүү системасын экономикага байланыштырбай өзүнчө караганыбыз кемчилигибиз болду. Көпчүлүк студенттер диплом алгандан кийин жумуш таба албайт. Ошондуктан, билим берүү системасын экономика менен байланыштырып кароо керек. Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу — мезгил талабы», — деди премьер-министр.

Өкмөт башчы мектептеги билим берүүнүн деңгээли окутуучулук курамга байланыштуу болорун белгиледи. Аларга дем берүү, ошондой эле жалпы билим берүү системасын жакшыртуу үчүн кыргыз өкмөтү чараларды кабыл алды.

Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы боюнча бардык сунуштарды премьер-министр уккан соң, акыркы иш кагаздарды кабыл алууда каралууга тийиш болгон бир нече маселеге көңүл бурду.

Мектептерде билим берүү чөйрөсүндө ашыкча жүктөмдүү окуу программаларын карап чыгуу зарыл. Академиялык эркиндик принцибин киргизип, баалоо системасын кайра карап чыгуу ниетибиз бар. Бир сөз менен айтканда, мектептерди балдарга болушунча достош мамиле кылсак деген ниеттебиз.

Copyright © 2017 Maral FM