Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө жарандардын жеке маалыматтарын коргоочу мекеме түзүлөт

Кыска кабар | 11 Дек 2019 | 409 | 0

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-жылдын 1-февралына чейин жарандардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча мамлекеттик органды түзүүнү тапшырды.

Бул тууралуу ал Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Санариптешкен командалык борборунда өткөн жыйында билдиргенин Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекеттин негизги милдеттеринин бири — бул ар бир жарандын эркиндигин, укуктарын жана жеке мүнөздөгү маалыматтарын коргоо экенин премьер белгилеп, жеке маалыматтарды мыйзамсыз аракеттерден коргоону камсыз кылуу зарылдыгын айтат.

Жарандын макулдугусуз жеке маалыматтарды жайылтуу фактылары болбош керек. Мен 2020-жылдын 1-февралына чейин жарандардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча мамлекеттик органды түзүү тапшырмасын коём, — дейт Өкмөт башчы.

Премьер-министр санариптештирүү чөйрөсүнүн коопсуздук жаатында жакшы натыйжаларга жетишкенин белгиледи. Анын айтымында, 2019-2023-жылдарга карата киберкоопсуздук боюнча стратегия кабыл алынган.

Сот, прокуратура, укук коргоо органдары санариптештирүү процессине өткөрүлүп, КЖБР, ББР системалары иштеп жатат. Мониторинг борбору, «Бирдиктүү терезе» системасы, командалык борбор түзүлдү. Мамлекеттик чек арада көзөмөл-өткөрүү жайларына видео байкоо системалары орнотулуууда. Былтыр биздин жетишкен ийгилигибиз — бул «Коопсуз шаар» долбоору болду. Биз биринчи баскычын жүзөгө ашырдык. «Коопсуз шаар» долбоорунун башкы максаты – бул коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандардын өмүрүн, ден соолугун сактоо, жол кырсыктарынын санын азайтуу болуп саналат. Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында Бишкек шаарында жана Чүй облусунда авариялардын, анын кесепетинен жаракат алгандардын саны эки эсе азайды. Видео камералар аркылуу коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөгө, кылмыштардын бетин ыкчам ачууга шарт түзүлдү. Ошондой эле, айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөрдүн жолдо жүрүү маданиятын калыптандырды, — деди Премьер-министр.

Иш-чарада «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын жүзөгө ашыруу маселеси талкууланды. Мухаммедкалый Абылгазиев учурда «Коопсуз шаар» долбоорунун 7 облусту, республикалык маанидеги 2 шаарды, облустук жана райондук маанидеги 15 калааны, 73 калктуу пунктту камтый турган негизги этабын ишке ашырууга даярдык көрүлүп жатканын айтты.

Copyright © 2017 Maral FM