Амеркиканын Түштүк Дакота штатында авиакырсык катталып, 9 адам каза болду, алардын экөө өспүрүм. Бул тууралуу NBC телеканалы билдирди.
Маалыматка ылайык, ичинде 12 адам отурган чоң эмес учак учкандан көп өтпөй жерге кулаган. Кырсыктын айынан 9 адам каза болгон, алардын арасында учкуч да бар.
Тирүү калгандар ар кандай жаракат алгандыгы себебинен ооруканага жаткырылды.