Биз менен байланышыңыз

Ичинде 38 адам болгон учак кыйрады

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Дек 2019 | 942 | 0

Чилинин бортунда 38 адам болгон аскердик учагы кырсыкка учурады. Бул тууралуу ВВС кызматы жазды.

Мындай маалымат учак менен байланыштын үзүлгөнүнө 8 саат болгон соң айтылды.

Учурда Чилинин өзүнүн жана чет элдик учактар аман калгандар болсо куткаруу максатында издөө иштерин жүргүзүүдө.

Кыйраган борт Антарктидадагы авиабазага жөнөгөн. Ичинде 38 адам: 17 экипаж мүчөсү жана 21 жүргүнчү болгон.

Copyright © 2017 Maral FM