Биз менен байланышыңыз

Чилиде өзгөчө кырдаал абалы жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Янв 2020 | 492 | 0

Чилинин президенти Себастьян Пиньера суу ташкыны күтүлгөндүктөн өлкөнүн түндүк тарабында жайгашкан Атакама аймагында өзгөчө кырдаалдар абалын жарыялады.

«Нөшөр дагы улануусу мүмкүн, ошондуктан алдын алуу чараларын көрүү кажет. Суу ташкыны күтүлгөн аймактарга колдон келген жардамды берели»,- деди Пиньера.

Суу ташкынына алып келген нөшөрлөгөн жаан январдын ортолорунда башталган. Президенттин айтымында, учурда 1 адам каза болуп, дагы бир топ тургун дайынсыз жоголууда.

Табият кырсыгы 100дөн ашык турак-жайды кыйраткан. Айрым айылдарда тургундар  эвакуцияланды.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө Бразилияда суу ташкынынан каза болгондордун саны алтымыш үчкө жетти.

Copyright © 2017 Maral FM