Биз менен байланышыңыз

Ичинде 38 адам бар учактын дайыны табылбай жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Дек 2019 | 751 | 0

Кырсыкка учурага Чилинин аскердик учагын издөө иштери уланууда. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министри Альберто Эспина маалымдады.

-Бортунда 38 адам болгон учакты тапканча күнү-түнү издейбиз. Тирүүлөрдү табуу мүмкүнчүлүгү жокко эсе болгону менен, издөө аракеттерибиз уланат,- деди Эспина.

Учак Кыргызстандын сааты менен алганда 10-декабрь күнү таңкы үчтөрдө авиабазадан чыгып кеткен. Учкандан бир саат 15 мүнөт өткөн соң байланыш жоголгон.

«Учак кыйрады» деген маалымат байланыш үзүлгөндөн 8 саат өткөн соң билдирилди.

Учурда чилиликтер өздөрү жана чет элдик учактар да жоголгон учакты издөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Кыйраган борт Антарктидадагы авиабазаны көздөй учкан. Ичинде 38 адам: он жети экипаж мүчөсү жана 21 жүргүнчү болгон.

Copyright © 2017 Maral FM