Биз менен байланышыңыз

2020-жылы учак кырсыгынан каза тапкандар көп катталган

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Янв 2021 | 582 | 0

2020-жылдагы учак кырсыгы 2019-жылга салыштырмалуу аз катталганы менен кырсыктан каза болгондордун саны былтыркыдан көп болгон. Бул тууралуу «Reuters» агенттиги «To-70» авиациялык консалтинг компаниясынын статистикасына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы жүргүнчү ташыган ири лайнерлердин 40ы аба кырсыгына кабылып, анын бешөө 299 адамдын өмүрүн алган. 2019-жылы 86 кырсык катталып, 257 адам көз жумган.

Каза табуунун эң көп учуру 2020-жылы 8-январда катталган. Тактап айтканда, Украина учагы Ирандын аба мейкиндигинен атып түшүрүлүп, андагы 176 жүргүнчү бул дүйнө менен коштошкон. Ошондой эле 2020-жылдын май айында Пакистандын учагы кыйрап, 98 адамдын ажалына себеп болгон.

«Flightradar-24» маалымдагандай, пандемиянын шартында чек аралардын жабылышына байланыштуу 2020-жылы каттамдардын саны 42 пайызга азайган.

«ASN» агенттиги акыркы жыйырма жыл ичинде учак кырсыгынан каза болгондордун саны кескин азайганын кабарлады. Маселен, акыркы беш жылда жүргүнчүлөрдүн өмүрүн алган 14 кырсык болгон.

Авиация үчүн эң коопсуз жыл 2017-жыл деп эсептелет. Анда жыл ичинде эки учак кыйрап, 13 адам каза болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM