Биз менен байланышыңыз

АКШнын легендарлуу баскетболчусу Брайант авиакырсыктан көз жумду

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Янв 2020 | 617 | 0

Кечээ, 26-январда НБАнын 5 жолку чемпиону Коби Брайант өзүнүн жеке тик учагы менен учуп бара жатып, Лос-Анжелес шаарынан алыс эмес жерде кырсыкка учураган. Кулаган тик учактан эч ким аман калган эмес. Баскетболчунун жанында 13 жашар кызы бар экендиги да айтылат. ТMZнын айтымына караганда мындан сырткары тик учактын бортунда дагы 6 адам жана учкуч болгон. Алар Брайанттын академиясына баскетбол ойногону учуп баратышкан.

Эскерте кетсек, Брайант Лос-Анжелес-Лейкерс командасынын курамында НБАнын беш жолку чемпиону болгон. Ал 2008-НБАнын эң баалуу оюнчуларынын бири деп табылган. 2009-2010-жылдары НБАнын финалынын эң мыкты оюнчусу болгон. Брайант АКШнын курама командасынын катарында 2008, 2012-жылдары Олимпиадалык оюндардын жеңүүчүсү болгон. Брайант НБАнын тарыхындагы эң натыйжалуу оюнчулардын тизмесине кирип, 33643 упай топтогон. Ал НБА жылдыздарынын Матчтарына 18 жолу катышкан. Ошондой эле, ал 2018-жылы “Кыматтуу баскетбол” аттуу анимациялык тасмасы үчүн “Оскар” сыйлыгына татыган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM