Президент Сооронбай Жээнбеков жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 27-ноябрда Бишкек шаарындагы Чынгыз Айтматовдун үй-музейине барышты. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчылары улуу жазуучунун жакындары менен маектешип, үй-музейди жана андагы экспонаттарды көрүп чыгышты. Чынгыз Айтматовдун уулу — Элдар Айтматов Президенттерге музей жөнүндө, атасынын өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу айтып берди жана Казакстан президентине белекке сүрөт берди.
Касым-Жомарт Токаев каалоолор китебине жазуу калтырды. Кыргызстандын жана Казакстандын Мамлекет башчылары Чынгыз Айтматовдун үй-бүлөсү менен эстеликке сүрөткө түшүштү.
Эске салсак, бүгүн, 27-ноябрда Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга мамлекеттик визити болду.