Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков менен Токаев Айтматовдун үй-музейине барышты

Кыска кабар | 27 Ноя 2019 | 386 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 27-ноябрда Бишкек шаарындагы Чынгыз Айтматовдун үй-музейине барышты. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчылары улуу жазуучунун жакындары менен маектешип, үй-музейди жана андагы экспонаттарды көрүп чыгышты. Чынгыз Айтматовдун уулу — Элдар Айтматов Президенттерге музей жөнүндө, атасынын өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу айтып берди жана Казакстан президентине белекке сүрөт берди.

Касым-Жомарт Токаев каалоолор китебине жазуу калтырды. Кыргызстандын жана Казакстандын Мамлекет башчылары Чынгыз Айтматовдун үй-бүлөсү менен эстеликке сүрөткө түшүштү.

Эске салсак, бүгүн, 27-ноябрда Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга мамлекеттик визити болду.

Copyright © 2017 Maral FM