Орусиянын президенти Владимир Путин Ново-Огарёвдогу резиденцияда Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин жубайы, Азербайжандын биринчи вице-президенти Мехрибан Алиеваны кабыл алды.
Жолугушууда орус-азербайжан мамилесин өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Мехрибан Алиевага Орусиянын мамлекеттик «Достук» орденин тапшырды.
Эске салсак, Мехрибан Алиева биринчи вице-президент болуп 2017-жылдын 21-февралында кызматка келген.