Биз менен байланышыңыз

Хаменеи: АКШ-Иран маселесинде Иранды күнөөлүү кылып тарыхты бурмалагандар бар

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Ноя 2019 | 711 | 0

АКШ менен Иран ортосундагы конфликт 1979-жылы АКШнын Тегерандагы элчилигин басып алуудан эмес, 1953-жылы Ирандын премьер-министри Мухаммед Мусаддыкты бийликтен кетирүүдөн башталган. Кээ бирөөлөр Иранды күнөөлүү кылып тарыхты бурмалап келишет. Бул тууралуу 3-ноябрда Ирандын рухий көсөмү аятолла Али Хаменеи айтты.

«Кээ бирөөлөр тарыхты туура эмес айтып жүрүшөт. Иран менен АКШ ортосундагы келишпестик 1979-жылы 4-ноябрдагы демонстрацияда ирандыктар Тегерандагы АКШ элчилигин барымтага алышкан окуядан соң башталган деп жүрүшөт. Бирок конфликт ага чейин, 1953-жылы катаал бийликтин келүүсүнө шарт түзгөн, америкалыктар кошо уюштурган Ирандагы төңкөрүш учурунда жаралган»,- деди Хаменеи.

Анын айтымында, АКШ 41 жылдан бери Иранды душман катары көрүп келет. Бирок Иран да үнсүз калбай турганын, бул ирет да Американын Иранга саясий кысым көрсөтүүсүнө жол бербегендигин белгилейт.

Иран лидери АКШнын учурдагы бийлиги мурдагыга салыштырмалуу кыйла алсыз экендигин белгиледи.

Аятолла Али Хаменеи АКШ менен сүйлөшүү аркылуу маселе чечилбешин, ошондуктан сүйлөшүүлөрдү токтотуу керектигин айтты. Ошондой эле, Кошмо Штаттары эл аралык диктатурасын улантып жатканын кошумчалады.


Иран: АКШ менен сүйлөшүүнүн кажети жок


1953-жылы 16-апрелде америкалыктар тарабынан ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммед Мусаддыкка каршы төңкөрүштүн планы иштелип чыккан. Анын башында Американын жогорку кызмат ээлери турган. Мусаддыкты жок кылуу төңкөрүшү август айында ошол учурдагы шах Мухаммед Реза Пехлевинин премьер-министрди кызматтан алуу буйругу менен башталган.

«Аякс» аталышындагы операция толугу менен 22-августта аяктаган. Операцияны ишке ашырууда ирандык аскерлерди, керектүү мамлекеттик кызматкерлерди сатып алуу үчүн Америкадан 19 миллион доллар бөлүнгөн. Соңунда өкмөт башчылыкка Америка колдогон Фазлолла Захеди келген.

Шах Мухаммед Реза Пехлеви 1979-жылы Али Хаменеи жетектеген Ислам революциясы натыйжасында тактан кулатылган.

1979-жылы 4-ноябрдагы демонстрацияда ирандыктар Тегерандагы АКШ элчилигине кирип барып, 52 америкалыкты барымтага алышкан. Бийликтен кулатылган соң чет өлкөлөрдө баш калкалап жүрүп, акыры АКШга дарыланууга барган шах Мухаммед Реза Пехлевини кайтарып берүүнү талап кылышкан.

1980-жылдан тартып АКШ-Иран дипломатиялык мамилеси үзүлүп, Вашингтон Тегеранга каршы санкцияларын күчөткөн.

2015-жылы АКШ баштаган беш өлкө менен мунасага келип, Иран өзөктүк программасын чектөөгө көнгөн. Бул үчүн Батыш Тегеранга салган санкцияларды алмак болгон. 2018-жылы, май айында АКШ эл аралык келишимден чыгып кеткен жана Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Мындан улам эки өлкө ортосундагы чыңалуу кайра күч алган.

Европа Биримдигинин өкүлдөрү Америка менен Иранды келишимди сактап, алаканы түзөтүүгө чакырып келет.


ЕБ: «АКШ менен Иран келишимди сактап калса болот»


Кошумчалай кетсек, Амман падышачылыгы жарыялаган Ислам изилдөө борбору «The Muslim-500» аттуу дүйнөдөгү эң бай 500 мусулмандын рейтингинде Ирандын рухий көсөмү аятолла Али Хаменеи 2-тизмеден орун алган.


ТОП-500: Дүйнөдөгү эң таасирдүү мусулмандар кимдер?

Copyright © 2017 Maral FM