Биз менен байланышыңыз

Иран: АКШ менен сүйлөшүүнүн кажети жок

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Сен 2019 | 511 | 0

Бүгүн Талибан кыймылынын төрт өкүлү Ирандын жогорку кызмат адамдары менен Тегеранда сүйлөшүү жүргүздү. Маалыматтар боюнча эки тарап «тынчтык жараянын, акыркы окуяларды жана Ооганстан менен Ирандын экономикалык кызматташтыгын» талкуулаган.

«Болушунча басым көрсөтүү саясаты Иранга каршы иштебейт», — дейт Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменей. Ошондой эле ал Кошмо Штаттар менен сүйлөшүүнүн кажети жоктугун билдирди.

Буга чейин Дональд Трамп Сауд Аравиядагы мунай-газ заводунда болгон жардырууга Ирандын тиешеси бар болушу мүмкүн экенин айткан.

Кошумчалай кетсек, Сауд Аравиядагы эки мунай-газ заводуна 14-сентябрда дрондун жардамы менен чабуул коюлган. Ал үчүн жоопкерчиликти Йемендеги Иран колдогон Хусит козголоңчулары алды. Бирок АКШ буга ишенбегендей пикир калтырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM