Биз менен байланышыңыз

Пентагондун жетекчиси Трамптын Сулейманинин коркутуусу тууралуу айткан сөзүн тастыктаган жок

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Янв 2020 | 484 | 0

Дональд Трамп “Аль-Кудстун” өлтүрүлгөн жетекчиси Сулейманинин АКШнын төрт элчилигине кол салуу даярдап жатат деген сөзүн Марк Эспер тастыктаган жок.

 

АКШнын Коргоо министри “Аль-Кудс” Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун атайын кызматтарынын к үчтөрүнүн башчысы АКШнын төрт элчилигине кол салуу даярдап жатат деген маалыматтан кабарсыз экендигин билдирди.

Буга чейин Дональд Трамп АКШнын Ирактагы элчилигин кошуп дагы төрт элчиликке Сулеймани кол салууга даярданып жатканы тууралуу айтып, ирандык аскер башчыны өлтүрүлгөндүгүн чоң коркунучтун алдын алуу болду билдирген. Трампты мыйзам чыгаруучулар менен кеңешпей туруп чечим кабыл алгандыгына байланыштуу АКШ конгрессиндегилер сынга алышкан.

Генерал Сулеймани өлтүрүлгөндөн кийин Ирандын руханий лидери аятолла Али Хаменеи анын ордуна бригадалык генерал Эсмаиил Каанини дайындаган. Хаменеинин айтымында, “Аль Кудстун” милдеттери өзгөрүлбөгөн бойдон калмакчы.

Иран бийлиги 3-январды Бүткүл дүйнөлүк каршылык көрсөтүү күнү деп жарыялады. Бул боюнча Иран президенти Хасан Роуханинин атайын указга кол койгондугун Ирна маалымат агенттиги жазып чыкты.

 

Copyright © 2017 Maral FM