Connect with us

Шыкмаматов: Биз парламентаризмге жарабай жатабыз

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Сен 2019 | 504 | 0

Парламенттик демократияга бүт дүйнө жүзү өтүүдө. Кыргызстан гана парламентаризмге жарабай жатабыз, ага системаны күнөөлөбөйлү. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Ал белгилегендей, парламентаризм президенттерди жеңип, партиялар аркылуу бүт дүйнө өнүгүп жатат. Мыкты мамлекеттер парламенттик демократия менен иштеп келүүдө.

«Аракет болуп жатат, бирок биз тилегендей жыйынтык жок. Анткени, элита: парламент, өкмөт, сот, прокурор, айтор, бийлик алсыз болууда. Мамлекеттин дараметине жараша келатат. Биз азыр эле Япония боло албайбыз. 70% уяла турган нерселер болууда. Алар: бийликтин, элитанын алсыздыгы, коррупция. Мыктылар чыгып, силкине албай жатат. Тынымсыз күрөшүп отуруп мыктыларды шайлаганды үйрөнөбүз. Күчтүү бийлик шайласак, даңгыр жолго түшүп, өнүгөбүз. Бирок ал убакыт качан келерин билбейм. Ар бир нерсе элге сабак болушу керек», — дейт Шыкмаматов.

Эл өкүлү мындан сырткары, өлкөдө либералдуу мыйзамдар, сөз эркиндиги бар экенин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM