Өзбекстан Сириядан дагы 170 жаранын жана Ирактан 65 баланы алып келет. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов 25-сентябрда БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.
“Ирактан 65 бала, Сириядан 170 киши келет деп күтүп жатабыз. Биз эл аралык уюмдардын жана бул процесске түздөн-түз катышып жаткан Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттердин колдоосуна муктажбыз. Бул биринчи кезекте БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн жардамы тууралуу сөз болууда. Биз мындай кызматташтыкка даярбыз”, — деп билдирди Камилов.
Ошондой эле, ал ушул жылдын 30-майында Өзбекстан тобокелчиликке баруу менен Сириядан 156 жаранын Мекенине кайтарылгандыгын эске салды.
Эске салсак, 11-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Сириядан 231 казакстандык көчүрүлүп келгенин маалымдаган болчу. Ал эми, Кыргызстан Сириядагы жарандарды көчүрүп келүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.