Биз менен байланышыңыз

«Фарид Ниязовдон тарта жоокерди атып салды делинген адамга да жолуктум»

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Сен 2019 | 800 | 0

Акыйкатчы Токон Мамытов «Маралга» берген маегинде Акыйкатчы институту Кой-Таш окуясынан соң биринчилерден болуп жергиликтүү эл менен жолукканын, тургундардын арыз-муңун жеке өзү укканын билдирди.

Мамытов окуяда жабыркаган аскерлер, тургундардын абалын сурап, ооруканаларды да кыдырганын белгиледи.

«Фарид Ниязовдон тарта жоокерди атып салды делинген адамга да жолугуп, кабар алдым. Акыйкатчы адам укугу боюнча парламенттик көзөмөл жүргүзөт. Биз эч кимге баш ийбейбиз, көз карандысызбыз. Ошондуктан Атамбаевден баштап жөнөкөй адамдарга чейин жолугуп, кабыл алып жатабыз. Өкмөткө жагабы, жакпайбы, өз ишибизди аткарышыбыз керек», — дейт Мамытов.

Copyright © 2017 Maral FM