Биз менен байланышыңыз

Зимбабве: Өлкөнү 30 жыл башкарган экс-президент Мугабе кайтыш болду

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Сен 2019 | 659 | 0

Зимбабвенин мурунку президенти Роберт Мугабе 95 жашында ооруканадан каза болду. Мурунку өлкө башчы апрель айынан бери Сингапурдагы ооруканада жатканын Би-би-си агенттиги жазды.

Мугабе өлкөнү 30 жыл башкарган. 2017-жылдын ноябрь айында аскердик төңкөрүш аркылуу бийликтен четтетилген. Акыркы убактарда диктатор атка конгон саясатчы 1924-жылы 21-февралда туулган. Ал учурда Зимбабве Родезия деп аталып турган.

1964-жылы Мугабе Родезия бийлигин сындаганы үчүн 10 жылдан ашык убакытка түрмөгө каматылган. Ал 1980-жылы, өлкө эгемендүүлүктү алганда шайлоодо жеңип чыгып, премьер-министр болгон.

Зимбабвени башкарууда алгачкы жылдары саламат жашоого жана билимди өнүктүрүүгө басым жасаган.

Copyright © 2017 Maral FM