Биз менен байланышыңыз

Бабанов Амир-Тимур районундагы сүйлөгөн сөзү боюнча УКМКга суракка чакырылды

Кыска кабар | 20 Авг 2019 | 496 | 0

Буга чейин Башкы прокуратурасы тарабынан, 2017-жылдын 28-сентябрында Ош шаарынын Амир-Тимур кичи районундагы сүйлөгөн сөзү боюнча президенттикке талапкерге карата козголгон кылмыш ишинин алкагында Өмүрбек Бабанов суракка чакырылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өмүрбек Бабанов кылмыш ишинин алкагында күбө катары өтөт.

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов 9-августта Бишкекке учуп келген. 8-августта Улуттук коопсуздук комитети эгерде ал Кыргызстанга кайтып келсе, эки кылмыш иши боюнча мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскерткен болчу.

 

Copyright © 2017 Maral FM