КСДП өкүлү Кундуз Жолдубаева Ички иштер министрлигинде (ИИМ) сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал маалымат каражаттарына өзү билдирди. Ал тергөөдөгү сөздөрдү жайылтпоо милдеттеме алган.
“Суракта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо атайын операция боюнча тактоочу суроолор болгон. Дагы жаңы суроолор да берилген. Тергөөнүн кызыкчылыгында купуялуулукту сактоо боюнча кагаз жаздырып алышты”, — дейт ал.
Атамаевдин коомдук башталыштагы кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Кой-Таштагы операция учурунда «Альфа» атайын кызматтын жоокерлерин барымтага алуу фактысы боюнча ачылган иште күбө катары өтүп жатканы белгилүү болгон.