Connect with us

«Тез жардам» кызматына унаа сатып алууга 35 млн сом бөлүнөт

Кыска кабар | 29 Июл 2019 | 471 | 0

Өкмөт жакын арада тез медициналык  жардам кызматына унааларды сатып алуу жана анын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу үчүн 35 млн сомдон ашуун каражат бөлүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы билдирди.

«Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн айыппулдардын бир бөлүгү тез медициналык жардам кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалат.

Бүгүнкү күнү жол кыймылынын эрежелерин бузуулар боюнча айыптардан 175 млн сом жыйналган. Бул каражаттардын бир бөлүгү кызмат көрсөтүүчүгө жол инфратүзүмүн, почта кызматтарды жакшыртууга, жол кыймылынын эрежелерин бузуулар үчүн айыппулдарды жыйноону башкарууну жакшыртууга берилет.

Көрсөтүлгөн каражаттардын бир бөлүгү – 35 млн сомдон ашуун тез жардам унааларын сатып алууга бөлүнөт.

Күтүлүп жаткандай, ушул жылдын аягына чейин жол кыймылынын эрежелерин бузуулар үчүн айыппулдарды жыйноо темпи ушул деңгээлде сакталса, тез медициналык жардам кызматынын унааларын сатып алууга 70 млн сомдон ашуун бөлүнмөкчү.

Copyright © 2017 Maral FM