Биз менен байланышыңыз

Кашкар Жунушалиев «Азия-Ньюс» гезитин сотко берди

Кыска кабар | 19 Июл 2019 | 429 | 0

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев «Азия-Ньюс» гезитин сотко берди. Министрдин мындай кадамга баруусуна гезитке такталбаган, чындыкка дал келбеген маалыматтын чыгышы жана ар-намыска шек келтирген сүрөт коллаждын жарыяланышы себеп болгон.

Бүгүн Октябрь райондук сотунда биринчи жыйын болуп, анда сот «Азия-Ньюс” гезитинин редакциясын жарыяланган маалымат боюнча түшүндүрмө берүүсүн буйруду.

«Азия-Ньюс» гезити азырынча соттук отурум жөнүндө эч кандай комментарий билдире элек.

Copyright © 2017 Maral FM