Биз менен байланышыңыз

Аскер прокуратурасы журналист Асланбек Сартбаевди суракка алды

Кыска кабар | 15 Янв 2020 | 405 | 0

“Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев Аскер прокуратурасына суракка чакырылды. Бул кабарды анын кесиптеши Динар Турдугулова «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Анын айтымында, редактор бүгүн вице-премьер Жеңиш Разаков боюнча маалыматтарга байланыштуу Аскер прокуратурасына чакырылган. Ал саат 11де суракка кирген. Бул ишке байланыштуу Аскер прокуратурасынын тергөөчүсү Турдугулованы да суракка чакырган.

Эске сала кетсек, өткөн жылы аталган басылма Жеңиш Разаков 2010-жылы Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы болуп турган учурда Тажикстанда камакка алынганын, буга далил катары анын облустук милиция башчысына түшүнүк кат жазганын жарыялаган.

Жеңиш Разаков бул макалага байланыштуу «ар-намысыма шек келтирди» деп гезитти сотко берип, 10 млн. сом доо койгон. Сот талашты чиновниктин пайдасына чечип, гезитти 1 млн. сомго айыпка жыккан.

Copyright © 2017 Maral FM