Биз менен байланышыңыз

Тажикстан: Башкы прокурор ууланган соттолуучулар кыйноодон өлгөнүн четке какты

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Июл 2019 | 1250 | 0

Тажикстандын Башкы прокуратурасы Хоженттен Дүйшөмбү шаарына которуу учурунда каза болгон 14 соттолуучу кыйноолорго жана катаал мамилеге туш болгон деген маалыматтарды четке какты. Бул тууралуу «Борбордук Азиядагы жаңылыктар» кызматы жазды.

Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмон маркумдардын жакындары айтып жаткан кыйноо фактысын караманча четке какты. Ал соттолуучулар бузулуп кеткен нандан улам каза болгонун, окуяны атайын тергөө тобу иликтеп жатканын билдирди. Анын айтымында, Хоженттен Дүйшөмбүгө которулуп жаткан маалда каза болгон соттолуучулар буга чейинки тополоңдорго катышкан эмес.

Бирок маркумдардын жакындары бул версияга ишенбөөчүлүк билдиришүүдө.

Эске салсак, 7-июлда Согди облусунда соттолгон 120 эркек жана 8 аялды үч унаа менен Дүйшөмбү, Нурек жана Яван шаарларындагы колонияга которуу үчүн алып кетип бараткан маалда жаза аткаруучулар нанга ууланып, анын айынан 14 адам каза болгон.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы бул факты боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин баштаган. Кийинчерээк маркумдардын туугандары каза болгондордун денесин жууп жатканда көгала тактарды байкашканын, алардын кыйноодон улам жан бергенин айтып чыгышкан.

Мындан эки ай мурда Тажикстандын Вахдат шаарындагы колонияда тополоң чыгып, 32 адам каза болгон. Анын 29у жаза өтөөчүлөр, үчөө түрмө кызматкерлери.

Copyright © 2017 Maral FM