Биз менен байланышыңыз

Тажикстан: Колониядагы көтөрүлүштө 32 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 20 мая 2019 | 735 | 0

Жекшемби күнү кечинде Тажикстандын батыш тарабында жайгашкан катуу көзөмөлдөгү колонияда көтөрүлүш чыккан. Бул тууралуу РИА Новости кабарлайт.

Маалыматка ылайык, көтөрүлүш учурунда 29 туткун каза болгон. Ошондой эле, кылмышкерлердин кол салуусунан 3 күзөтчү көз жумган.

Тажикстандагы Юстиция министрлигинин маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, жаңжалды абакта отурган «Ислам мамлекети» террордук тобунун мүчөлөрү баштаган. Бычак жана башка учтуу жарактар менен куралданган 30 кылмышкер түрмөнүн күзөтчүлөрүнө боштондукка чыгаруусун талап кылышып кол салып,  өлтүрүп салышкан.

Тынчтыкты сактоосун талап кылган башка күзөтчүлөргө да кол салып, жарадар кылышкан. Андан соң катуу чара колдонулуп, тартипке келтирилген. Учурда абактагы абал көзөмөл астында.

Колония Дүйшөмбү шаарынан 15 чакырым алыстыктагы Вахдат шаарында жайгашкан. Учурда анда 1500 кылмышкер жаза өтөөдө.

Буга чейин Тажикстандагы мындай көрүнүш былтыркы жылдын ноябрь айында Хожент шаарына жакын жердеги түрмөдө катталган. Андагы көтөрүлүштө 21 жаза өтөөчү жана 2 көзөмөл кызматкери каза болгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM