Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев 10-июлда Москвада Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Орусиянын министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдагандай, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча маселелер талкууланат.
Эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын деңгээлиндеги биргелешкен комиссиясынын 30-майда өткөн биринчи жыйынында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулат.
Арипов жолугушуунун жүрүшүндө Орусиянын бир катар ишкана жана борборлорунун иши менен таанышат.