Биз менен байланышыңыз

10-июлда Орусия менен Өзбекстандын өкмөт башчылары жолугат

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Июл 2019 | 372 | 0

Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев 10-июлда Москвада Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Орусиянын министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдагандай, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча маселелер талкууланат.

Эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын деңгээлиндеги биргелешкен комиссиясынын 30-майда өткөн биринчи жыйынында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулат.

Арипов жолугушуунун жүрүшүндө Орусиянын бир катар ишкана жана борборлорунун иши менен таанышат.

Copyright © 2017 Maral FM