Биз менен байланышыңыз

Жумабеков: Кимде ким өзүм билемдик кылса, мыйзам алдында жооп берет

Кыска кабар | 3 Июл 2019 | 531 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жыл жыйынтыгына карата уюштурулган маалымат жыйында бүгүнкү күндөгү саясий абал боюнча оюн билдирди. Спикер кимде ким өзүм билемдик менен иш алып барса, мыйзам алдында жооп берерин белгилейт.

«Биз Жогорку Кеңеш мурунку президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу мыйзамдуу иштерди аткардык. Биз мыйзамдын талабы бар мамлекетте жашайбыз. Эгерде бирөө аша чаап, өзүм билемдик менен иш алып барса, мыйзам алдында жооп берери анык», — деди Жумабеков.

Ал ошондой эле, мыйзам долбоору 1 сааттабы же 1 айдабы, эрежеге жараша аткарылганы маанилүү экенин айтып, парламент жоопкерчилигин билип чечим чыгарганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM