Биз менен байланышыңыз

Монголия президентинин расмий визитинин алкагында 9 документке кол коюлат

Кыска кабар | 12 Июн 2019 | 394 | 0

Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулганын Кыргызстанга болгон расмий визитинин алкагында 9 документке кол коюлат. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков журналисттерге билдирди.

Анын арасында маданий-гумантардык жана соода-экономикалык тармакта кызматташууга багытталган документ да бар.

Андан тышкары, Баттулганын катышуусунда Кыргызстандагы Монголиянын элчилигинин ачылышы өтөт.

Белгилей кесек, Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга бүгүн расмий сапары менен Кыргызстанга учуп келди. Ал Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышат.

 

Copyright © 2017 Maral FM