Connect with us

Шашылыш билдирүү: Аба ырайы катаалдайт

Кыска кабар | 11 Июн 2019 | 659 | 0

11-июндан 12-июнга чейин Кыргызстандын аймактарында аба ырайы туруксуз болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Кыргызстанда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Айрыкча, Ысык-Көл облусунда аба ырайы катаалдайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым аймактарда сел жүрүшү мүмкүн. Тоолуу райондордо жаандын арты карга айлануу ыктымалы бар. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Ошол себептен, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле, дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет.

Copyright © 2017 Maral FM