Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө айылдык фонд түзүлөт

Кыска кабар | 31 мая 2019 | 704 | 0

Ысык-Көл облусунда айылдардын инфратүзүмдүк шарттарын жакшыртуу, калкка көмөк көргөзүү максатында «Айылды өнүктүрүү» фонду түзүлөт. Бул боюнча өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү аймактагы жетекчилерге тапшырма берди.

Маалыматтарга ылайык, облуста жалпы 61 айыл аймагынын 38и мамлекеттин жардамына муктаж. Фонд түзүлсө, чогулган каражат жакыр үй-бүлөлөрдүн жашоо шартын жакшыртууга жумшалат. Андан соӊ айылдын инфратүзүмүн оңдоо, тактап айтканда, көпүрө салуу, арык казуу, айыл ичин жарыктандыруу жана башка маселелерин чечүү каралат.

«Орусиядагы мекендештерибиз менен жолугуп, алардын жергебизди өнүктүрүү боюнча пикирлерин угуп, кошкон салымдары тууралуу да маалымат ала алдык. Чет жердеги биздин жердештерибиз кичи мекенин өнүгүүсү үчүн бир топ салымдары бар. Алар айылдарда түзүлүп, иш алып бара турган өнүктүрүү фонддоруна өз каражаттарын которуп турууга даярдыгын билдиришти», — деди өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев.

Маалымдай кетсек, «Айылды өнүктүрүү» фонду 10-июнга чейин колго алынып, облустагы юстиция бөлүмүнөн мыйзамдуу каттоодон өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM