Биз менен байланышыңыз

«Бир Бол» фракциясы айыл чарба министрлигине Тилек Токтогазиевди көрсөтөт [Видео]

Кыска кабар | 26 мая 2019 | 481 | 0

Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясы айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министринин кызматына жеке ишкер Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу фракция лидери Алтынбек Сулайманов «Фейсбуктагы» баракчасында видео билдирүү жасады. Депутат бул боюнча пост жазып:

«Биз Айыл-чарба министрлигине жаш кадр Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин сунуштайлы деп чечтик. Жаңы көз караш, жаңыча ой жүгүртүү бул тармакты өнүктүрүүгө жол ачат», — деген.

«Жашыл чарба» агрохолдингинин негиздөөчүсү, 28 жаштагы фермер Тилек Токтогазиев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу айыл чарба министринин кызматына даяр экенин билдирип, өзүн-өзү талапкерликке көрсөткөн.

Copyright © 2017 Maral FM